Меню
Эл-Сөздүк

«АЛИППЕГЕ» ЧЕЙИНКИ МЕЗГИЛ

– мектепке чейинки курактагы балдарга эне тилиндеги тыбыштарды таанытып, аларды өз алдынча жана сөздөрдө, кыска сүйлөмдөрдө туура айттыруу, оюнчук, сүрөттөрдү, көрсөтмө башка каражаттарды пайдаланып, артикуляциялык көнүгүүлөрдү уюштуруу. Бул мезгилде тарбиячылар китептеги сүрөттөрдү, көрсөтмө буюмдарды, сөз үлгүлөрүн пайдаланып, сүйлөм, сөз, муун, тыбыш, тамга деген түшүнүк-төрдү балдардын туура өздөштү-рүшүнө, эне тилинин жана ой-жүгүртүү-сүнүн өнүгүшүнө таасир этүүчү көнү-гүүлөрдү уюштурушат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: